Орусиянын Мамлекеттик Думасы орто жана жакын аралыкка учуучу ракетеларды жок кылуу тууралуу келишимди токтотуу жөнүндө мыйзамды кабыл алды.
Макулдашууга 1987-жылы СССР менен АКШнын лидерлери кол коюшкан. Президент Владимир Путин документтин аткарылышын токтотуу тууралуу мыйзам долбоорун майдын этегинде Думанын кароосуна сунуш кылган.
Анын алдында, февралда АКШ келишимден чыгуу жараянын баштаган. Вашингтон Орусиянын «9М729 Новатор» деген жаңы ракетасы документтеги шарттарды бузат деп эсептейт.
Кремль болсо АКШнын дооматтарын «фактыларды бурмалоо, келишимден чыгуунун чыныгы максаттарын жаап-жашыруу» катары мүнөздөгөн.
Макулдашууга ылайык Европада 1988-жылдан бери 500 чакырымдан 5,5 миң чакырым аралыкка уча ала турган баллистикалык жана канаттуу ракеталар жок болчу.