Донбасстын үстүнөн учуп бараткан жүргүнчү ташыган «Боингдин» кулашын иликтеген Эл аралык бирдиктүү тергөө тобу ушул шаршембиде 4 шектүү адамдын аттарын атайт деп күтүлүүдө. Бул тууралуу билдирген Украинанын тышкы иштер министринин орун басары Елена Зеркаль маалыматтын булагын атаган жок. Тергөө тобу жана Нидерландынын сот органдары Зеркалдын сөздөрүнө комментарий бере элек. Буга чейинки расмий билдирүүдө шаршемби күнкү басма сөз жыйынында иликтөөдө аныкталган жаңы маалыматтар берилери айтылган. Жана биринчи болуп каза тапкандардын жакындары кабардар кылынары эскертилген.
Ошол эле күнү «Bellingcat» иликтөө тобу да «Боингдин» кырсыкка учурашына тиешеси болушу мүмкүн болгон адамдардын ысымдары айтылган баяндаманы жарыяламакчы.
2014-жылы 17-июлда Амстердамдан Куала-Лумпурга бараткан, «Малайзия аба жолдоруна» таандык учак Украинын чыгышында кырсыкка учураган. Борттогу 298 киши курман болгон. Нидерландынын, Малайзиянын, Австралиянын, Белгиянын жана Украинанын өкүлдөрү кирген Эл аралык бирдиктүү топ акыркы ирет бир жыл мурда басма сөз жыйынын уюштурган. Анда тергөө учак орус армиясына таандык «Бук» системасынан, орусиячыл жикчилер ээлеп алган аймактан атып түшүрүлгөн деген бүтүмгө келгени маалымдалган.