Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

АКШ: Коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан кызматтан кетти


Патрик Шанахан.
Патрик Шанахан.

АКШнын президенти Дональд Трамп коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахандын кызматтан кетүү жөнүндө арызын кабыл алды. Трамп «Твиттердеги» баракчасында Шанахан кызматка бекитилишин күтпөй эле өзү арыз жазганын билдирди.

Муну ал үй-бүлөсүнө көбүрөк убакыт бөлүүнү каалаганы менен түшүндүрдү. Трамптын маалыматына караганда, Пентагонду Марк Эспер убактылуу жетектеп турат. Анын талапкерлиги азырынча расмий жарыялана элек.

Шанахандын кызматтан кетиши Жакынкы Чыгыштагы мунай ташыган танкерлерге кол салуудан улам Иран менен АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн мамилеси чыңалып турган учурга туш келди.

Пентагондун башчысынын милдетин аткарган Шанахан мындай кадамга маалымат каражаттарында анын үй-бүлөсүндөгү зомбулук тууралуу кабар чыккандан кийин барды.

XS
SM
MD
LG