Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Молдомуса Конгантиевге карата өкүм чыгышы ыктымал


Молдомуса Конгантиев.
Молдомуса Конгантиев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 19-июнда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата чечим чыгарышы күтүлүп жатат. Мындай маалыматты «Азаттыкка» адвокат Икрамидин Айткулов билдирди. Анын маалыматына караганда, сотто Конгантиевге акыркы сөз берилгенден кийин өкүм чыгат.

Акыркы жараян 11-июнда өткөн. Анда прокуратура Молдомуса Конгантиевди алты жылга эркинен ажыратууну жана 100 миң сом өлчөмүндө айыппул салууну сураган. Жактоочу тарап анын күнөөсүз экенин айтып, актоону өтүнүп жатышат.

Милициянын генерал-лейтенанты Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон.

2010-жылдагы апрель окуяларындагы аракеттерине байланыштуу Конгантиевге козголгон кылмыш иши кыскарып кеткени былтыр ачыкка чыккан.

Бул чечим коомчулукта сынга кабылгандан кийин президент Башкы прокуратурага ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган. Натыйжада кылмыш ишин кыскартуу боюнча чечим жокко чыгарылган. Иш кайра жанданып, сотко өткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG