Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Прокуратура Молдомуса Конгантиевге алты жыл сурады


Молдомуса Конгантиев.
Молдомуса Конгантиев.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 11-июнда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин иши каралды. Адвокат Икрамидин Айткулов «Азаттыкка» билдиргендей, сотто прокуратура Молдомуса Конгантиевди алты жылга эркинен ажыратууну жана ага 100 миң сом өлчөмүндө айыппул салууну сурады.

Жараянда тараптардын жарыш сөзү болду. Кийинки териштирүүдө айыпталуучуга акыркы сөз берилет.

- Келээрки жараян 19-июнга белгиленди. Конгантиев акыркы сөз айткандан кийин сот чечими чыгат. Азыр айыпталуучунун акыркы сөзү эле калды, - деди Айткулов.

Сотто Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров да жараянга чакырылганына карабай, келбей койгону айтылды.

2010-жылдагы апрель окуяларындагы аракеттерине байланыштуу Конгантиевге козголгон кылмыш ишинин кыскарып кеткени былтыр ачыкка чыккан. Анын «кылмыш аракети жок» деген жүйө менен кыскартылып кеткенин ошол эле жылы УКМК да бышыктаган. Бул чечим коомчулукта сынга кабылгандан кийин президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган.

Башкы көзөмөлдөөчү орган анын эртеси эле атайын кызматтын ишти токтотуу тууралуу чечиминин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө баа бериле турганын маалымдаган. 2018-жылдын 12-декабрында мекеме Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскартылышы боюнча чечимин жокко чыгарып, аны кайра жанданткан.

Конгантиевге 2005-жылы 24-марттан, 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон.

Милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев 2008-жылдын январынан 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашууга чейин Ички иштер министрлигин жетектеген. (NT)

XS
SM
MD
LG