Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Конгантиевдин эски иши эске түштү


Молдомуса Конгантиев.
Молдомуса Конгантиев.

Биринчи май райондук соту мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кайра жандандырылган 2005-жылкы ишин карап жатат.

Бул кылмыш ишти адегенде март ыңкылабынан кийин Азимбек Бекназаров жетектеген Башкы прокуратура козгоп, кийин жабылып калган. Кылмыш ишинин козголушуна Улуттук банктын Жалал-Абаддагы филиалынан ири суммадагы акчанын уурдалышы жана банк жетекчисинин сабалышы негиз болгон.

Учурда Молдомуса Конгантиевге байланыштуу сотто эки эпизод боюнча иш каралып жатат. Биринчиси - 2005-жылдын 24-мартында Улуттук банктын Жалал-Абаддагы филиалынын ошол кездеги жетекчиси Мелис Батырбековдун сабалышы, экинчиси - 2010-жылдын апрель окуясынан кийин козголгон кылмыш иши. 27-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда биринчи иш боюнча негизги күбө суралды.

Кыргызстанда Акаевдин бийлиги кулап, жер-жерлерде башаламандык болуп жаткан учурга туш келген бул окуяга байланыштуу козголгон кылмыш иште Конгантиевге «Батырбеков уруп-сабоого кабылып жатканын көрүп жардам берген эмес» деген айып коюлган.

Ал эми ошол окуяда токмок жеген Мелис Батырбеков сотко жабырлануучу катары катышууда. Жабырлануучунун соттогу көрсөтмөсүнө караганда, 24-мартта аны белгисиз жарандар автоунаага салып кетип сабап, УКМКнын Жалал-Абаддагы имаратына алып барышкан.

«Мени ур-токмокко алышкандан кийин УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башчысынын кеңсесине алып барышты. Ал жактан да коркутуп, басым кылышты. Ошол учурда кабинетке Жаныш Бакиев менен Молдомуса Конгантиев кирип келишти. Бакиевди көрүп бир чети корксом, экинчи жагынан таанышым Конгантиевди көрүп үмүт пайда болду. Жаныш Бакиев жана мени сабаган дагы бирөө башка кабинетке кирип кетишип, бир бөлмөдө мен, Конгантиев жана дагы бир киши болуп үчөөбүз калдык. Мен ошол учурдан пайдаланып Молдомусага менин туугандарыма балдарымды бала бакчадан, мектептен алып, башка жакка катыш керек экенин айтып коюусун сурандым. Себеби, мени ур-токмокко алган кишилер үй-бүлөмө коркунуч жаратты. Молдомуса сыртка чыгып, телефон аркылуу менин суранычымды туугандарыма жеткирди».

​Батырбеков Жалал-Абаддагы УКМКнын имаратында жүргөн белгисиз адамдар андан банктын сейфинин ачкычын талап кылышканын, кийинчерээк аны сабаган адамдар банкка барып, эшигин талкалып кирип, 22 миллион 740 миң сомду алып кетишкенин айтты. Уурдалган акча ушуга чейин табыла элек.

Ошол кезде Молдомуса Конгантиев Ички иштер башкармалыгынын жол кыймылын башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси болгон. Ал сотто көрсөтмө берип жатып, мындан 14 жыл мурун болгон окуяны минтип эстеди.

«Ошол учурда эшикте бут коёрго жер жок болчу. Элдин баары облустук администрация жана ага жакын жердеги банктын алдында турган. Мен Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына барсам, Жаныш Бакиев жетекчи болуп калыптыр. Ал «бир келишим түзүшүм керек, мени УКМКга жеткир» деди. Кирсек, Мелис столдо отуруптур. Мен «бул жакта эмне отурасың?» деп сурадым. Ал «эшиктен мени аз жерден бөлүп кете жаздашты. Ушул жакка алып келишти» деди. Кабинетте үч-төрт мүнөттөй гана турдум. Кайра чыгып эле Мелистин суранычын туугандарына айттым. Ошол күнү эле Бишкекке чыгып кеттим. Мелис УКМКнын кабинетинде отургандан кийин коопсуз жайда экен деп ойлогом».

​Соттук жараянда Мелис Батырбеков Молдомуса Конгантиевге эч кандай доосу жок экенин, Конгантиев анын үй-бүлөсүн сактап калууга жардам бергенин айтты.

Конгантиевге март окуясынан кийин козголгон бул кылмыш ишинин токтотулуп кайра жанданышы тууралуу коомчулукта көп деле сөз боло элек.

Банк жетекчисинин сабалышы жана уурдалган каражат боюнча кылмыш иши Азимбек Бекназаров 2005-жылы баш прокурор болуп турганда козголгон. Иштин аягына чыкпай калышын Бекназаров Конгантиевдин Бакиевдер менен болгон мамилесине байланыштырды.

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

«2005-жылы Курманбек Бакиев бийликке келген. Жалал-Абаддагы банктын иши боюнча Жаныш Бакиев менен Молдомуса Конгантиев экөө чогуу жүргөн. Мен башкы прокурор болуп турганда кылмыш ишин козготком. Бирок мени беш айдан кийин жумуштан бошоткондон кийин бул иш жабылып калган. Биз кылмыш ишин сотко өткөргөнбүз. Мен кызматтан алынгандан кийин «Нышановдун (ред: депутат Сайдулла Нышанов) тууганы жоктугуна байланыштуу» деп Өзгөн райондук сотунан ишти кайра артка чакыртып алып, иш токтоп калган. 2010-жылдан кийин кайра калыбына келтирилди. Анткени бул иштин мөөнөтү өтүп кетпейт. Себеби ал убактылуу токтотулган. Убагы келгенде кайра карала берет».

Айрым маалыматтарга караганда, Мелис Батырбековдун сабалышы жана банктан каракталган акча боюнча эки киши сот жообуна тартылып, эки шектүүнүн көзү өтүп кеткен, дагы экөө издөөдө жүрөт. Издөөдө жүргөндөрдүн бири Жаныш Бакиев, экинчиси - жогоруда Бекназаров белгилеп кеткен Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышановдун аталаш тууганы Нурлан Нышанов.

Эл өкүлү Сайдулла Нышанов тууганына байланышкан иш тууралуу буларга токтолду.

Сайдулла Нышанов.
Сайдулла Нышанов.

«Мен «акчаны эмне кылдыңар?» деп сурагам. Жаңылбасам, ал «акчаны алгандан кийин Молдомуса Конгантиев «Нивага» салып кеткен» деп айткан. Ал учурда 520 миң доллар чоң акча болчу. Бул иш Жаныш Бакиевдин көрсөтмөсү менен болсо керек деп ойлойм. Акчаны алып кетишип, аны чогуу коротушса керек. Анткени Молдомуса Конгонтиев андан кийин тез эле карьералык өсүш кылып, ички иштер министри болуп калбадыбы».

Конгантиевге 2005-жылы 24-март, 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери ("Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык") менен кылмыш иши козголгон. Бирок иш «кылмыш аракети жок» деген жүйө менен кыскартылып кеткени былтыр ачыкка чыккан.

Бул чечим коомчулукта сынга кабылгандан кийин президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган.

Былтыр 12-декабрда Башкы прокуратура кылмыш ишинин кыскартылышы боюнча чечимди жокко чыгарып, Конгантиевге карата кайра жандандырылган ишти сотко өткөргөн.

Конгантиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов иш негизсиз жандандырылганын айтып, Конгантиевдин эки иш боюнча тең акталып чыгышына ишенип турат.

«Бул иштерде эч кандай далил жок. Конгантиев 2010-жылы басма сөз жыйынында ички иштер министри катары «оппозиция эгер мыйзамга каршы иштерди кылса, катуу чара көрүлөт» деп айткан. Мыйзамсыз иштер боюнча ушинтип айтуу анын кызматтык милдети. Бул «Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу» эмес, ал мыйзам чегинде милдетин аткарды. Бирөө да ага каршы көрсөтмө берген жок. Конгантиевге каршы эки эпизодду таап туруп мойнуна илип коюшту. Башкы прокуратуранын ишти кайра сотко жибергени да туура эмес. Алар муну менен бардык жоопкерчиликти сотко жүктөп салышты».

Азыр Конгантиевдин 2005-жылдагы март жана 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин козголгон иштери чогуу каралып жатат. Кийинки соттук отурум 2-апрелге белгиленди.

Милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев 2008-жылдын январынан 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашууга чейин Ички иштер министрлигин жетектеген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG