Жогорку Кеӊеште экономика министри Санжар Муканбетов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, өкмөттүн аппарат жетекчиси Самат Кылжыев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.
Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Ал жаӊы өкмөт мүчөлөрүнө ант берүү менен кошо чоӊ жоопкерчилик артылып жатканын эске салып, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө чакырды.
Мыйзам боюнча, жаӊы дайындалган өкмөт мүчөлөрү парламентте ант берет.
Мурдагы экономика министри Олег Панкратов инвестиция тартуу жаатындагы кемчиликтери үчүн, мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев экспортко байланыштуу сын-пикирлерден улам, ал эми маалыматтык технологиялар жаатындагы жетекчилер кызматтык ишеним көрсөтпөөдөн улам жумуштан алынганы расмий айтылган. (RK)