Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Мадумаров Атамбаевдин кол тийбестигин алууну мыйзамсыз деп эсептейт


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров 18-июнда «NewTV» телеканалындагы талкууда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алып салуу Баш мыйзамга каршы келерин жана мыйзамсыз экенин билдирди:

- 2017-жылы декабрь айында «абдан залкар, ак эмгек, адал кызматыңыз, көрөгөчтүгүңүз үчүн» деп айтылып жатканда залда өкүртө кол чабылып, «туура, бул киши баатыр болушу» керек дешкен. Зал толо Жогорку Кеңеш, элитанын баары отурган. Бүгүн ошолор «кама» деп кол чаап атышат. Юридикалык эмес, адамгерчилик жагын айтканда да бул жигитчилик эмес. Ошол кезде Мадумаров «шайлоо мыйзамсыз өттү, коррупция түп тамырына чейин батты» деп айтып жатпадыбы? Баш мыйзам боюнча, президенттин макамы боюнча мыйзамды артка иштетебиз десе бүгүнкү бийликтин арамзалыгы болот. Атамбаевди актаган жокмун. Анын бүгүнкү жагдайга жеткирген күнөөсү аябай көп. Бирок, кезинде болушу керек эле.

Ошондой эле Мадумаров экс-президент Алмазбек Атамбаев бардык мыйзамдар сакталган шартта жооп бериши керек экенин белгилеген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестиктен ажыратуу маселесин 18-июнда Жогорку Кеңештин эки комитети удаа карап, дароо макулдугун берген.

Кол тийбестик боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын корутундусун адегенде Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети карады. Андан кийин маселе Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитетте талкууланды.

Эми маселе парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат. Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча демилге парламентте өткөн аптада көтөрүлүп, комиссия түзүлгөн. Демилгечи топ Атамбаевге тогуз кине койгон.

Комиссия алардын алтоо – бийликти узурпациялады, Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон деген айыптар боюнча Атамбаевден шек саноого негиз бар деп чечти.

Ал эми үчөө – Орусиянын 123 жаранына, анын арасында кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө ок атуучу курал берген, Чүйдө 35,65 гектар айдоо аянтын мыйзамсыз трансформация кылган, Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында 4,61 гектар жерди «Фрунзе Резорт» компаниясына мыйзамсыз өткөрүп берген деген айыптар боюнча комиссия күнөө коюу негизсиз деген бүтүмгө келди. Буга Атамбаев ал кездери президенттик кызматты ээлебегени себеп болду.

Эреже боюнча, комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 60 добуш алса, прокуратурага жөнөтүлөт. Прокурор өз пикири менен кайра депутаттарга кайтарат. Андан кийин 80 депутат макулдугун берсе кол тийбестик алынат.

Атамбаев баштаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) депутаттык комиссиянын жыйынында айтылгандарды «чуулгандуу коррупциялык иштерден коомчулуктун көңүлүн алаксытуу» деп баалап жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG