Кризистик борборлор ассоциациясы зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндерге жардам берүүдө Адвокаттардын окуу борбору жана Демократиялык процесстерди изилдөө борбору менен кызматташат.
Бүгүн, 19-июнда үч уюм кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.
Документтин максаты - гендердик зомбулуктан жабыркагандарга комплекстүү жардам берүүнүн натыйжалуу механизмдерин түзүү.
ИИМдин маалыматына караганда, үй-бүлөлүк зомбулук жыл өткөн сайын көбөйүп баратат. 2017-жылы кылмыштын бул түрү үчүн айыпталган жети миң адамга иш козголгон, 2018-жылы балдарга карата жасалган 1291 зордук-зомбулук факты катталган. (RK)