Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:16

Адвокат: Илмияновдун тергелип бүткөн иши менен тааныша элекмин


Икрамжан Илмиянов.
Икрамжан Илмиянов.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун тергелип бүткөн иши боюнча материалдар менен анын жактоочусу Сергей Слесарев тааныша элек экенин маалымдады. Ал жакынкы күндөрү ишти кароого киришет. Жактоочу Илмиянов кандайдыр бир көрсөтмө берип жатканы боюнча эч нерсе айта албай турганын билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда Икрамжан Илмиянов Атамбаевге каршы көрсөтмө берип жатканы боюнча айың кеп тараган. Муну Асел Кодуранова жетекчилик кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева кызыкчылыгы бар тараптардын чагымы катары баалады.

17-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы Илмиянов тарабынан алдоо жолу менен 150 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнү аяктады» деп маалымат тараткан.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен Илмиянов Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык») боюнча кылмыш кылгандыгы тууралуу маалымат берилди.

«Шоопур» деген каймана ат менен таанылган жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Икрамжан Илмиянов учурда Бишкектеги УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Тараптар кылмыш иши менен таанышып бүткөн соң сот жараяны дайындала турганы белгилүү болду. (TSh)

XS
SM
MD
LG