19-июнда Бишкекте “Таза аба үчүн” акциясы өткөрүлдү. Аны “Мув Грин” экологиялык коомдук уюму жол көзөмөлдөө кызматкерлери менен биргеликте уюштурган. Акциянын алкагында МАИ кызматкерлерине жана айдоочуларга унаалардан чыккан уу газдарды кантип азайтуу керектиги жөнүндө маалымат, көрсөтмөлөр берилди. Калаадагы абанын булганышына автоунаалардын жана унаа тыгындарынын көп болгону себеп. “Мув Грин” уюмунун билдиришинче, Кыргызстанда 1 миллион 200 миң автоунаа бар. Бишкек шаарынын жол түзүмдөрү 50 миң автоунаага гана ылайыкташтырылганына карабай шаарда күнүнө 400 миңден ашык машина кыйма-чийме жүрүп турат.
Бишкек: көкөйгө тийген көк түтүн
Чыгарылыштар
-
Май 14, 2024
Кыргыз армиясында "чоңсунуу" качан токтойт?
-
Май 08, 2024
Аты бар, макамы жок Кенчи
-
Апрель 28, 2024
"Милициянын үч полковниги кармалган"
-
Апрель 28, 2024
700дөн ашуун үйдү суу каптады. Жалал-Абаддагы селдин кесепети