Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

КСДП соттун аныктамасы боюнча жогорку инстанцияга даттанды


Депутат Асел Кодуранова убактылуу төрайымдык кылып жаткан Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Сагынбек Абдрахмановдун арызы боюнча Биринчи май райондук сотунун аныктамасына каршы Бишкек шаардык сотуна даттанды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, партиянын юристи Нурбек Касымбеков билдирди. Анын айтымында, райондук сот талаш өндүрүшкө алынгыча берген аныктамасы туура эмес болгон.

6-июнда Биринчи май райондук соту Сагынбек Абдрахмановдун арызынын негизинде Юстиция министрлигине КСДПнын документтерине өзгөртүү киргизүүгө тыюу салган.

Сот андай укук «партиянын жаңы лидери Сагынбек Абдрахмановго гана берилсин» деген аныктама чыгарган. Соттун аныктамасында Абдрахманов апрелде КСДПнын мыйзамдуу төрагасы болуп шайланганы жүйө келтирилген.

Абдрахманов башында турган КСДП 6-июнда сотко кайрылган. Арызда экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери жетектеген КСДПнын 6-апрелдеги он сегизинчи курултайын жана саясий кеңештин 25-майдагы жыйынын «жараксыз» деп табууну өтүнгөн.

Райондук сот аны 19-июнда карай турган болгон, Атамбаев тарап доо-арыз берген үчүн ал бүгүн болбой калды. Эми аныктама маселесин Бишкек шаардык соту карагандан кийин гана, райондук сот кайра тараптардын талашын карамакчы.

Учурда КСДП экиге бөлүнгөнү маалым. Бир тарабын Сагынбек Абдрахманов, экинчи тарабын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин санаалашы, депутат Асел Кодуранова жетектеп жатат.

Юстиция министрлиги КСДПнын төрагасы катары Сагынбек Абдрахмановду 18-апрелде каттаган. Экс-президент Атамбаев жана анын тарапташтары муну мыйзамсыз чечим катары баалап, юстиция министрин кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG