Парламент депутаты Мирлан Жээнчороев кызматташтарын Жогорку Кеңештин жыйындарында маанилүү маселелерди көтөрүүгө чакырды. 19-июнда Жогорку Кеңеш Коомдук биринчи каналдын жетекчисинин жана Байкоочу кеңешинин отчетун угуп жаткан.
- Айрым кызматташтарымдан суранып кетем, - деди ал. - Өзүбүздүн аброюбузду сактасак. Бул жерде «Беш-Сарынын» тегерегиндеги маселени көтөргөндү токтотсок. Ал жерде миңдеген чыгрмачыл адамдар иштешет. Мамлекеттик, коомдук саясатты айталы. «Кара жащик» маселесин көтөрөлү. Беш бармак менен «Беш-Сарынын» маселесин айта бербей...
Жээнчороевге чейин депутат Камчыбек Жолдошбаев «коррупция менен алектенип жатасыңар» деп КТРКнын жетекчилигин сындаган болчу. Ошондой эле Байкоочу кеңештин жетекчилигин жана телеканалдын мурунку башчысын орой сөздөр менен атаган. Жолдошбаев Ош базарындагы «Беш-Сары» соода борборунун ээси экени белгилүү. (TSh)