Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:52

БУУ: башка өлкөдөн баш калка издеген качкындар көбөйдү


БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди.
БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди.

БУУнун Качкындардын иши боюнча агенттиги согуш жана башка ар кандай алааматтын айынан былтыр 71 миллионго жакын адам жер которгонун, бул мурдагы жылга караганда 2 миллионго көп экенин, соңку 70 жылдын ичинде эң чоң көрсөткүч болуп калганын маалымдады.

БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди уюмдун жылдык отчету тууралуу маалымат берип жатып качкындардын 80 пайызы коңшу өлкөлөргө жер которгонун айтты.

- Качкындар «Европаны, Кошмо Штаттарды же Австралияын каптап кетишти, чукул кырдаал түзүлүүдө» деген сөздөр көп айтылат. Жок, качкындардын көбү согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдүн жанындагы, кошуна мамлекеттерге, башкача айтканда жакыр же анча өнүкпөгөн өлкөлөргө агылат. Ошол жактарда кризиске күбө болуудабыз, ошол жактарга көңүл бурулууга тийиш, - деди Гранди.

Расмий маалыматка ылайык, башка өлкөлөрдө баш калка издегендердин теңи балдар. Бул сан мындан 20 жыл мурун эки эсе аз болчу.

БУУнун жылдык баяндамасында айтылгандай, эң көп киши - 6,7 миллиону сегиз жылдан бери согуш басылбаган Сириядан ооп кеткен. Экинчи орунда 2,7 миллион киши жер которууга мажбур болгон Ооганстан турат. Бирок статисткага 2015-жылдан бери сыртка агылган 4 миллиондой венесуэлалыктар кирбей калган. Себеби аларга көпчүлүк коңшу өлкөлөргө виза же баш калка алууга арыз тапшыруунун зарылчылыгы жок.

20-июнда Качкындардын бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет. БУУнун качкындардын абалы боюнча жылдык отчету ушул күнү жарыяланат.

XS
SM
MD
LG