Укук коргоочулар Аида Салянова боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, анын Жогорку сотто кайра карала турган ишине көңүл бурууга чакырышты.
Кайрылууда Саляновага карата иш саясий мүнөздө козголгону, ошого карабастан бардык соттук инстанциялар айыптоочу чечим чыгарганы айтылат.
2019-жылдан тартып Кыргызстанда жаңы кодекстер ишке киргенине байланыштуу «Салянова адвокаттык лицензияны мыйзамсыз берген» деген иш 20-июнда Жогорку сотто кайра каралат.
Ал «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган. Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.
Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин 2018-жылы 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.
2018-жылдын 22-майында Жогорку сот мурдагы инстанцияларынын өкүмүн күчүндө калтырган. Салянова өзүнө «саясий буюртма» менен кылмыш иши козголгонун айтып келет. (RK)