Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин соту 21-июнга жылды.
Адвокат Икрамидин Айткулов билдиргендей, ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Мирлан Термечиков башка жараяндардан бошобой жатканына байланыштуу 19-июнда кечки саат 17.00гө белгиленген териштирүү 21-июнга, ошол эле убакытка коюлду.
Шаршембиде сот Конгантиевге карата чечим чыгарышы күтүлүп жаткан. Адвокаттын маалыматына караганда, сотто Конгантиевге акыркы сөз берүү жана өкүм угузуу гана калган.
11-июнда прокуратура Молдомуса Конгантиевди алты жылга эркинен ажыратууну жана 100 миң сом өлчөмүндө айыппул салууну суранган. Жактоочу тарап анын күнөөсүз экенин айтып, актоону өтүнүп жатат.
Милициянын генерал-лейтенанты Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон.
Анын 2010-жылдагы апрель окуяларындагы аракеттерине байланыштуу Конгантиевге козголгон кылмыш иши кыскарып кеткени былтыр ачыкка чыккан. Бул чечим коомчулукта сынга кабылгандан кийин президент Башкы прокуратурага ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган. Натыйжада кылмыш ишин кыскартуу боюнча чечим жокко чыгарылган. Иш кайра жанданып, сотко өткөн. (NT)