Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:06

Лицензия боюнча Аида Саляновага козголгон иш кайра каралат


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Парламенттин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор жана мурдагы юстиция министри Аида Саляновага лицензия боюнча козголгон кылмыш иши бүгүн, 20-июнда Жогорку сотто кайра каралат. Бул тууралуу саясатчынын жакындары билдиришти. Маалыматка караганда, иш быйыл жыл башында жаңы кодекстер ишке киргенине байланыштуу каралмай болгон.

19-июнда жергиликтүү бир катар укук коргоочулар Аида Саляновага байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, анын Жогорку сотто кайра карала турган ишине көңүл бурууга чакырышты.

Кайрылууда Саляновага карата иш саясий мүнөздө козголгону, ошого карабастан бардык соттук инстанциялар айыптаган чечим чыгарганы жазылган.

Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган.

Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтыргандан кийин 2018-жылы 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

Салянова өзүнө «саясий буюртма» менен кылмыш иши козголгонун айтып келет. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошоп чыгышы боюнча 3-июнда камакка алынган. Өткөн аптада ден соолугуна байланыштуу Бишкектеги №1 тергөө абагынан ооруканага которулган. (NT)

XS
SM
MD
LG