Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Кыргызстанда мечиттер көбөйдү


Бишкектеги мечиттердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги мечиттердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылы жалпы өлкө боюнча 39 мечит болсо, бүгүнкү күнү 2600 мечит катталган.

Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Ош облусундагы өкүлү Исакбай Мырзабеков экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүгө арналган жыйында билдирди.

Мырзабеков диний түрдүү радикалдык агымдарга, Сирияга азгыруу мечиттерде эмес, Интернет аркылуу социалдык тармактарда, ар кандай чакан жыйындарда, хужраларда жүргүзүлүп келе жатканын айтты:

- Мечиттердин баары көзөмөлдө. Мечиттерде андайларга жол берилбейт. Жаштарыбыз андай азгырыктарга телефонундагы социалдык тармактар аркылуу кирип жатышат. Ошондуктан балдарыбыз, кыздарыбыз эмне менен алек болуп жатканын көзөмөлдөп турууга тийишпиз. «Балдарыбыз намаз окуп жатат, ыйманга бурулду» деп кубанардан мурун, алар диндин кайсы жагын тандаганын да карап коюшубуз керек.

Ош мэриясынын, шаардык ички иштер башкармалыгынын, УКМКнын, муфтияттын жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү бул апта ичинде шаардагы жети муниципалдык аймакта жыйын өткөрүп жатышат. Анда жаштарды экстремизм жана терроризм азгырыктарынан сактоо, аларга берилип кетүүнүн алдын алуу тууралуу маселелер каралууда.

20-июнда мындай жыйын Ош шаарындагы Амир-Темир муниципалдык аймагында өтүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG