Ош шаарынын «Манас-Ата» (ХБК) кичирайонунда жайгашкан «Ак мөөр» аттуу үй-бүлөлүк жатакананын 80ден ашык жашоочусун сот аткаруучулар мажбурлап чыгарып жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» жашоочулардын коомдук жактоочусу Төлөгөн Келдибаев билдирди.
Анын айтымында, сот аткаруучулардын эскертүүсүнө карабай жашоочулар үйдөн чыгуудан баш тартышууда. Алар муну барар жери жоктугу менен түшүндүрүшүп жатышат.
Тургундар кошумча имарат аларга караштуу болгонун, Ибайдилла Бидинов аттуу жаран тартып алганын, эми күч менен чыгаруу аракети жүрүп жатканына даттанышты. Процесске Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана «Тез жардам» кызматынын кызматкерлери көз салып турушат.
Быйыл 23-мартта да сот аткаруучулардын аракетине карабай жашоочулар жатаканадан чыкпай коюшкан. Алар анда президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты. Натыйжада үйдөн мажбурлап чыгаруу процесси июнь айына жылып кеткен.
Маалым болгондой, «Ак мөөр» жатаканасы СССР убагында жибек чыгаруучу «Текстильщик» ачык акционердик коомуна таандык санаторий болгон. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин текстил ишканасында иштеген 83 үй-бүлө ага кирип отурукташып калган.
Ибайдилла Бидинов буга чейин журналисттер менен болгон маегинде, имаратты 2008-жылы аукциондон 4 млн. 670 миң сомго сатып алганын, ошондон бери алардын жашоочулары менен соттошуп чыгара албай жатканын билдирген. Ал жашоочуларды 2017-жылы соттон утканын, сот аткаруучулардан аларды күчтөп чыгарууну өтүнгөнүн кабарлаган.
Төлөгөн Келдибаев имаратты сатуу боюнча аукционду Ош шаардык прокуратурасы мыйзамсыз деп таап, кылмыш ишин козгогонун, иш район аралык сотто каралып жатканын айтууда. (ErN)