Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:41

Белгиядагы элчи Кыргызстандын Евробиримдиктеги өкүлүнүн милдетин кошо аткарат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Белгия Падышалыгындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Муктар Жумалиев Кыргызстандын Европа Биримдигиндеги жана БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмундагы (ЮНЕСКО) туруктуу өкүлү, Кыргызстандын Франциядагы жана Нидерланддар Падышалыгындагы элчиси болуп дайындалды.

Президенттик аппарат кабарлагандай, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Ушул эле жарлыкка ылайык, Жумалиев Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмда (ХКТУ) Бишкектин туруктуу өкүлүнүн кызматын кошо аркалайт.

Муктар Жумалиев Белгияга 6-мартта элчи болуп дайындалган. Ал ага чейин АКШда башкы консул болуп иштеген. (ErN)

XS
SM
MD
LG