Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

Исмаилова: Батукаевдин ишинде Раиса Атамбаеванын аты чыкса таң калбайм


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса Атамбаева менен. 2015-жыл.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса Атамбаева менен. 2015-жыл.

«Батукаевдин ишинде кокусунан Раиса Атамбаеванын аты аталса мен таң калбайм» деп билдирди бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып депутат Аида Исмаилова.

Ал депутат Ирина Карамушкинага кайрылып, Атамбаев президент болуп турганда туш болгон маселелери тууралуу айтты:

- Ирина Юрьевна, сиз бурмаланган көз караштарды таңуулаганга аракет кылып жатасыз. Депутаттык ишмердүүлүгүмдө мен Раиса Атамбаеванын «сууга чөкпөс», кол тийгис достору болгон кадрлар боюнча иштөөгө мажбур болгом. Өзгөчө саламаттык сактоо тармагында. Ошондуктан Батукаевдин ишинде кокусунан Раиса Атамбаеванын аты аталса мен таң калбайм.

Депутат Карамушкина ага чейин Атамбаевди кол тийбестик макамдан ажыратып, аны жоопко тартуу аракети мыйзамсыз экенин айткан. Ал эми Исмаилованын жогорудагы билдирүүсүн жоопсуз калтырып, "абийирине койдум" деп жооп берди.

Бүгүн парламентте мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча маселени караган депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жатат.

Бир топ депутаттар Атамбаевди жоопко тартыш керек экенин айтып чыккандан кийин комиссия түзүлүп, ал демилгечи топ сунуш кылган тогуз айыптын алтоо боюнча Атамбаевден шек саноого жана укук коргоо органдарынын текшерүүсүнө негиз бар деген корутундуга келген. Алты киненин бири Азиз Батукаевге байланыштуу.

Атамбаев баштаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) депутаттык комиссиянын жыйынында айтылгандарды «чуулгандуу коррупциялык иштерден коомчулуктун көңүлүн алаксытуу» деп баалап жатат.

Раиса Атамбаева экс-президенттин жубайы. Депутат Исмаилованын айыптоосуна алар тараптан комментарий боло элек. (RK)

XS
SM
MD
LG