Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 00:49

Иран америкалык пилотсуз учакты атып түшүргөнүн маалымдады


АКШ Иранды мунай ташыган танкерлерге коюлган чабуул үчүн айыптап жатат.

Ислам революциясынын сакчылары корпусу дрон өлкөнүн түштүгүндөгү Хормозган провинциясында атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Ага ылайык, тыңчылык кылган пилотсуз учак Ирандын аба чек арасын бузган. Мамлекеттик телеканалдар бул «RQ-4 Global Hawk» үлгүсүндөгү аппарат экенин маалымдашты. Пентагондун өкүлү аталган аймакта эч кандай америкалык техника жок экенин айтууда.

Ирандын бул билдирүүсү эки өлкөнүн ортосундагы жаңжал курчуп турган маалга туш келди.

АКШ Иранды мунай ташыган танкерлерге коюлган чабуул үчүн кайрадан айыптап, Жакынкы Чыгышка миңдей аскер жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алган. Тегеран өз дарегине айтылган дооматтардын баарын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG