Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

Могерини: Борбор Азия боюнча жаңы стратегия туруктуулукка жана өнүгүүгө негизделген


Федерика Могерини.
Федерика Могерини.

«Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуунун жаңы стратегиясын кабыл алуу - Европа Биримдиги үчүн бул аймактын мааниси жогорулап жатканынын жана тыгыз кызматташтыкка умтулуубуздун далили» деп айтты Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини.

Бул тууралуу ал Брюсселде Борбор Азиядан барган журналисттерге билдирди.

Могерини жаңы стратегия туруктуулукка жана өнүгүүгө негизделгенин айтты. Бул багыттар Борбор Азия өлкөлөрүндөгү бардык кызычылыгы бар тараптар, анын ичинде жарандык коомдун өкүлдөрү менен өткөрүлгөн жолугушууларда аныкталган.

- Мен Борбор Азияны Европа Биримдигинен көп нерсе талап кылган аймак катары көрөм жана ал талаптарга жооп берүү биз үчүн кубаныч. Биз кызматташтыктан башка кандайдыр бир максаты болбогон ишенимдүү өнөктөштөрбүз. Туруктуу өнүгүү деп биз айылдагы жана шаардагы социалдык мобилдүүлүктү, теңсиздикти азайтууну, соода алакаларын бекемдөөнү, адам укуктарын коргоону жана мыйзамдын үстөмдүгүн орнотууну түшүнөбүз, - деди Могерини.

Жаңы стратегия Могерининин 5-7-июлда Бишкекте өтө турган сапарынын алкагында презентацияланат.

Ал эми Кыргызстан менен өзүнчө жаңы келишим иштелип чыкты. (BkA)

XS
SM
MD
LG