Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:35

Карамушкина: Атамбаев эч кимди куугунтуктаган эмес


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эч кимди куугунтуктаган эмес деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн 20-июнда парламентте сүйлөп жатып билдирди.

- Мен түшүнүп жатам, кээде ал туура эмес кылчу, кээде артынан камчылачу. Кээ бир түзүмдөрдү камчылабаса таптакыр иштешпейт. Бирок эч кимди куугунтуктаган эмес. Эгер андай болсо, себеби бар чыгар. Анткени прокуратура, тергөөчүлөр иштеген, - деди Карамушкина.

Бүгүн парламентте мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча маселени караган депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жатат.

Бир топ депутаттар Атамбаевди жоопко тартыш керек экенин айтып чыккандан кийин комиссия түзүлүп, ал демилгечи топ сунуш кылган тогуз айыптын алтоо боюнча Атамбаевден шектенүүгө жана укук коргоо органдарынын текшерүүсүнө негиз бар деген корутундуга келген.

Эреже боюнча, комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 60 добуш алса Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Башкы прокурор өз пикири менен кайра депутаттарга кайтарат. Андан кийин 80 депутат макулдугун берсе кол тийбестик алынат.

Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. 2017-жылы «Саясий туткундардын укугун коргоо» уюму түзүлүп, 30дай саясатчы, коомдук ишмер жана активист Атамбаевге каршы сүйлөгөнү үчүн куугунтугуна кабылганын айтып чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG