Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

«Дүйнөлүк журналистиканын тарыхы» окуу китеби чыкты


Котормо китептин авторлору. «Манас» университетинин окутуучулары (солдон оңго) Гүлзада Станалиева, Бакыт Орунбеков жана Бакыт Дыйканов.
Котормо китептин авторлору. «Манас» университетинин окутуучулары (солдон оңго) Гүлзада Станалиева, Бакыт Орунбеков жана Бакыт Дыйканов.

Кыргызстанда журналистиканы окутуу тарыхында алгачкы жолу «Дүйнөлүк журналистиканын тарыхы» китеби жарык көрдү.

Окуу китебинин авторлору - Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучулары Бакыт Дыйканов, Бакыт Орунбеков жана Гүлзада Станалиева.

Китеп Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен чыгарылды.

Анда дүйнөлүк журналистиканын пайда болуу мезгилинен тартып, азыркы күнгө чейинки тарыхы, анын абалы чагылдырылган. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын типологиялык өнүгүү процесси, улуттук өзгөчөлүгү, мамлекеттердин жана калктардын социалдык жана маданий өз ара карым-катышындагы жалпы тенденциялар хронологиялык тартипте берилген.

Китеп жогорку окуу жайларындагы «Журналистика», «Коом менен байланыш жана реклама» жана «Телерадио» адистиктеринде окуп жаткан студенттерге окуу куралы катары кызмат кылат.

Басылма дүйнөлүк маданияттын маселесине кызыккандарга да багытталган.

300 нуска менен чыккан китептер сегиз окуу жайынын журналистика бөлүмдөрүнө таркатылат. (RK)

XS
SM
MD
LG