Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Украина: парламентти таратуу жөнүндө жарлык мыйзамдуу деп табылды


Украинанын Конституциялык соту.
Украинанын Конституциялык соту.

Украинанын Конституциялык соту 20-июнда президент Владимир Зеленскийдин парламентти таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялоо жөнүндө жарлыгын мыйзамдуу деп тапты.

Бул тууралуу «Азаттыктын» украин кызматы кабарлады.

Владимир Зеленский 20-майда ант берип президенттик кызматка киришкенден кийин Жогорку Раданы таратуу тууралуу жарлык чыгарган. Ага ылайык, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 21-июлда өтөрү айтылган.

Бирок парламентарийлер президенттин жарлыгына макул болбой, аны талкуулоодон баш тартып, документти жокко чыгаруу өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылышкан.

XS
SM
MD
LG