Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11

Пресса: Трамп Иранга сокку урууну жактырган, бирок операцияны токтотту


АКШ Коргоо министрлиги тартуулаган картада дрон атып түшүрүлдү деген жер көргөзүлгөн. 20-июнь, 2019-жыл
АКШ Коргоо министрлиги тартуулаган картада дрон атып түшүрүлдү деген жер көргөзүлгөн. 20-июнь, 2019-жыл

"Нью-Йорк таймс" гезитинин жазганына караганда, АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык дронду атып түшүрүүгө жооп иретинде Иранга каршы сокку урууну жактырганын, бирок операцияны “чукул” токтотту.

Басылма Ак үйдө армия өкүлдөрү, дипломаттар, Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси, Конгресстеги лидерлердин катышуусунда талкуу жүргөнүн кабарлады.

Расмий адамдарга таянып маалымдалгандай, президент адегенде Ирандагы айрым буталарга, анын ичинде радарлар менен ракета батареяларына сокку урууну жактырган, чабуул 21-июндун таңына, ирандык аскерлер менен карапайым адамдар арасында жоготуулар ыктымалдыгын азайтуу үчүн белгиленген.

Ал эми "Ассошиэйтед Пресс" агенттиги расмий адамдардын бирине шилтеме берип, сокку уруу кеңешин Пентагон бергенин, администрацияга дагы бир нече сунуш киргизилгенин кабарлады.

"Нью-Йорк таймс" Ак үй жана Пентагон маалыматты расмий комментарийлөөдөн баш тартканын билдирди. Ошол эле маалда администрациядагы расмий өкүлдөр макаланы алып салууну айтпаганын кошумчалады.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылары корпусу америкалык пилотсуз учак 20-июнда өлкөнүн түштүгүндөгү Хормозган провинциясында атып түшүрүлгөнүн билдирген. Тегеран учак тыңчылык кылганын жана Ирандын аба чек арасын бузганын маалымдаган. Мамлекеттик телеканалдар бул «RQ-4 Global Hawk» үлгүсүндөгү аппарат экенин жарыялаган.

АКШнын Борбордук командачылыгы Тегеран америкалык пилотсуз учакты атып түшүргөнүн ырастап, бирок окуя Ирандын аймагында эмес, Ормуз кысыгында болгонун айтууда.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги кескин билдирүү таратып, АКШны «өлкөнүн аба мейкиндигине бастырып кирди» деп айыптады.

XS
SM
MD
LG