Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

УКМКнын тергөө абагы толуп калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мекемесиндеги убактылуу кармоочу жайында орун калбай калгандыктан Бишкектин мурдагы эки мэри Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовду №1 тергөө абагына которууну соттон өтүндү.

УКМКнын мындай мазмундагы катын 21-июнда экс-мэрлердин ишин карап жаткан судья Кубанычбек Касымбеков окуду. Анда аталгандардан башка да коррупциялык иштер боюнча айыпталган адамдарды которуу суранычы келтирилген.

Кулматов менен Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев №1 тергөө абагында шарт начардыгын, ал жакта криминалдар бар экенин айтып, муну камакта жаткан адамдарды коркутуу аракети катары баалады.

Башка адвокаттар да анын сөзүн колдоп, кат айыптоочу тараптан өтүнүч катары берилбесе жараксыз экенин билдиришти. Алар ошондой эле эгер УКМКнын тергөө абагында шарт болбосо соттолуучуларды үй камагына чыгарууну суранды.

УКМКнын басма сөз кызматы алардын мекемесине караштуу убактылуу кармоочу жайда орун калбай калганын «Азаттыкка» да ырастап, бул боюнча кат сотко жөнөтүлгөнүн ырастады.

Кулматов менен Ибраимовдун ишин кароо 21-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда уланып жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG