Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 01:50

Грузин оппозициясы нааразылык акциясын улантат


Тбилисидеги нааразылык акциясы. 21-июнь 2019

Грузин парламентинин алдындагы нааразылык акциясында полиция демонстранттарга каршы желим окторду жана көздөн жаш агызуучу газды колдонду. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Тбилисидеги кагылышта 30дай демонстрант, дагы 30дан ашык полиция кызматкери жаракат алган. "Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы окуяны чагылдырып жүргөн бир канча журналист да жабыр тартканын маалымдады.

Таңга маал Грузиянын күч түзүмдөрү кырдаалды толук көзөмөлгө алып, демонстранттар парламенттин аймагынан чыгып кетишти. Бирок оппозициянын лидерлери 21-июнда нааразылык акциялары улана турганын убада кылууда.

Жергиликтүү маалымат каражаттары башаламандык учурунда бир канча адам кармалганын жазды, бирок бул тууралуу азырынча так маалымат жок.

Элдин нааразылыгына орусиялык депутат-коммунист Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отурганы себеп болду.

Гаврилов Грузияга Православ парламент аралык ассамблеясына төрагалык кылуу үчүн барган. Нааразылыкка чыккан грузиндер жыйын учурунда анын спикердин креслосуна отурушун "Грузияны сыйлабастык" катары баалашты. Гаврилов бейшембиде ассамблеянын жыйынын парламент төрагасынын ордуна отуруп ачкан. Тыныгуудан кийин да ошол жерге кайтууну көздөгөндө грузин депутаттары ага жолтоо болуп, «мамлекеттик институттарды шылдыңдоого жол берилбейт» деп жооп кайтарышканын жергиликтүү басылмалар жазышты.

Грузиндер Гавриловду орус президенти Владимир Путиндин өнөктөшү катары көрүшөт. Жикчил Түштүк Осетия менен Абхазия боюнча Орусиянын саясатын колдойт деп сындап жатышат.

XS
SM
MD
LG