Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Сириядан кайтарылган казакстандык мекенинде 8 жылга кесилди


Казакстан Сириядагы жарандарын кайтарууда
Казакстан Сириядагы жарандарын кайтарууда

Казакстандын Орал (Уральск) шаардык сотук 20-июнда Сириядан кайтарылган Абай Хамзулиновду сегиз жылга эркинен ажыратты. Сот аны “террордук топтун ишмердүүлүгүнө кошулганы үчүн” күнөөлүү деп тапканын “Орол жумалыгы” басылмасы кабарлады. 19 жаштагы Хамзулинов Сириядагы туткундан январда бошотулуп, Казакстанга алып келинген. Тергөөнүн версиясына караганда, ал “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун катарында согушка катышкан.

Туугандары мындай дооматтарды четке кагып, аны өспүрүм кезинде Сирияга атасы алып кеткенин, Абай өз ыктыяры менен мекенине кайтып келгенин айтышууда. Учурда Хамзулиновдун атасы да Казакстанда камакта, ага да террорчулук жана экстремизм боюнча айыптар тагылууда. Казакстан жыл башынан бери “Жусан” операциясынын алкагында 516 жаранын Сириядан алып келди, алардын 360ы балдар. Коңшу мамлекеттин Коопсуздук комитети Сирия менен Ирактагы уруш зонасына жалпысынан 800дөй казакстандык кеткенин билдирген.

XS
SM
MD
LG