Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Мигранттын өмүрүн кыйган мушташ боюнча эки кыргызстандык кармалды


Москва шаары.
Москва шаары.

Орусиянын баш калаасы Москвада киши өмүрүн алган калайман мушташ боюнча Кыргызстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу Орусиянын күч кызматтарына таянып, Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, кармалгандардын экөө тең Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары. Бири 20 жашта, экинчиси 21 жашта.

19-июнда таңга жуук Москванын «Электрозаводская» метросунун айланасында кыргызстандыктардын ортосунда калайман мушташ болгон. Анда Кыргызстандын жараны бычак жеп ошол жерде каза тапкан. Үч киши жарадар болгон.

Факт боюнча кылмыш иши козголуп, Орусиянын Тергөө комитетинин Москва шаардык бөлүмү иликтөөгө киришкен.

Каза болгон жигиттин сөөгүн мекенине жөнөтүү аракети башталганы кабарланды. Мушташка ошол түнү кыргыздардын кафесинде эс алган жигиттер катышканы айтылууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG