Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Ошто Фергана каналына агып кеткен экөө жубайлар экени айтылууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 20-июнда саат 13:50 чамасында Араван районунун Нурабад айыл аймагынын Кайрагач-Арык айылынын тургундары, бир эркек жана бир аял сууга агып кетишкен:

- Ошол күндөн тартып биздин министрликтин куткаруучулары жергиликтүү ыктыярчылар жана милиция кызматкерлери менен чогуу издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Азырынча табыла элек. Бүгүн да 24 куткаруучу издеп жатат.

Айрым маалыматтарга караганда, алгач сууга келин түшүп кеткен, аны куткаруу үчүн артынан секирген күйөөсү келинчегин суудан алып чыга албай, башкаларды жардамга чакырган. Аларды суудан тартып алуу үчүн жээкке жакын жүргөн бир адам жардамга келип, бирок күчү жетпей, өзү агып кетпеши үчүн аларды кое берип жиберген. Жубайларды канал суусу агызып кеткен.

Үч күндөн берки издөө иштери майнап бербегенинен улам ӨКМ Фергана каналы агып кирчү Өзбекстандын Фергана облусундагы кесиптештеринен жубайларды издеп-куткаруу иштерин жүргүзүүнү өтүнгөнү кабарланды.

Фергана каналындагы суу Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынан агып чыгып, Араван району аркылуу Өзбекстанга кетет.

Апта башында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айылында 13 жаштагы кыз Нарын дарыясына чөгүп кеткен. Аны издөө иштерине кошуна өзбек тараптын куткаруучулары да көмөктөшүүдө.

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда 40 адам сууга чөгүп каза болду. Алардын ичинен 12 жашка чейин 15 бала болсо, 8и өспүрүмдөр. (MdN)

XS
SM
MD
LG