Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Жайыт талашкандар нааразылык акциясына чыгышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын районундагы Жерге-Тал айылынын 200дөй тургуну 22-июнда жайлоодо нааразылык акциясын өткөрдү.

Алар Кум-Бел жайлоосунан Кочкор районунун малчылары тез арада көчүп кетишин талап кылууда. Ал эми кочкорлуктар ал жерде мыйзамдуу отурганын, кийинки жылга чейин эч кайда жылбай турганын айтууда.

Жергеталдыктар быйыл Кум-Белге Кочкордон он малчы 3000дей майда жандыгы жана 500дөн ашык бодо малы менен көчүп келерин айтып нааразы болуп жатышат.

Азыр ал жерде кочкордук эки малчы мал жандыгы менен жайгашып отурат.

Нааразы болгон малчылар менен Нарын районунун акими Семетей Черикбаев жана өкмөттүн Нарындагы өкүлүнүн орун басары Касен Азизов жолугушту.

Кум-Бел жайлоосу Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагына карайт. Бирок өкмөттүн токтому менен 2020-жылга чейин Кочкор районунун Исакеев жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнө убактылуу пайдаланууга берилген.

Мындай жайыт талаш маселеси Жумгал, Ак-Талаа райондорунда да курч.

Касен Азизов көйгөй акырындык менен жөнгө салынып келатканын айтууда.

Өткөн жылы Кочкор районундагы ички жайыттардын кыртышы бузулуп, такырайып кетти деген негиз менен кочкорлук малчыларды Нарын облусунун башка жайлоолоруна көчүрүү пландалган. (MiK)

XS
SM
MD
LG