Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:22

Стамбулда кайрадан мэр шайлоо өтүп жатат


Стамбул. 31-март, 2019-жыл.
Стамбул. 31-март, 2019-жыл.

Стамбулда бүгүн, 23-июнда кайрадан мэр шайлоо өтүп жатат.

Талапкерлер 20 чакты адам, бирок негизги күрөш мурдагы өкмөт башчы, президент Режеп Тайып Эрдоган жетектеген АК партиянын өкүлү Бинали Йылдырым менен оппозициядагы Элдик-республикалык партиянын өкүлү Экрем Имамоглунун ортосунда жүрүүдө.

Соңку сурамжылоолорго караганда, оппозициянын талапкери атаандашынан 9% озуп чыгышы мүмкүн.

Эгер ошондой болсо АК партия 2002-жылдан бери алгачкы жолу Стамбулду башкаруу укугун алдырып коет. Азыркы президент Эрдоган бул шаарда 1994-1998-жылдары мэр болгон.

Быйыл 31-марттагы мэр шайлоодо Имамоглу жеңип чыккан. Ал Йылдырымдан 15 миң добуш көп алып, 18-апрелде кызматына киришкен. Бирок АК партия шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылган. (RK)

XS
SM
MD
LG