Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:50

Стамбул мэрин шайлоодо кайрадан оппозиция өкүлү алдыга чыкты (видео)


Элдик-республикалык партиянын талапкери Экрем Имамоглу добуш берип жатат. Стамбул, 23-июнь, 2019-жыл.
Элдик-республикалык партиянын талапкери Экрем Имамоглу добуш берип жатат. Стамбул, 23-июнь, 2019-жыл.

Түркиянын Стамбул шаарында жекшембиде өткөн мэр шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, оппозициядагы Элдик-республикалык партиянын талапкери Экрем Имамоглу добуштардын 53 пайыздан ашыгын алды.

«Анадолу» агенттигинин маалыматына ылайык, президент Режеп Тайып Эрдоган жетектеген АК партиянын өкүлү, мурдагы премьер-министр Бинали Йылдырым 45 пайыздын тегерегинде добуш топтоду.

Быйыл 31-марттагы мэр шайлоодо 2002-жылдан бери бул шаарды колдон чыгарбай келген АК партиянын талапкери утулуп, оппозициянын өкүлү Экрем Имамоглу жеңүүчү деп жарыяланган. Ал Йылдырымдан 15 миң добушту көп алып, 18-апрелде кызматына киришкен болчу.

Бирок АК партия добуш берүүдөгү мыйзам бузулган деген жүйө келтирип, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылган эле.

XS
SM
MD
LG