Бүгүн, 24-июнда президентке караштуу Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтөт. Бул тууралуу президентик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдергенин басма сөз кызматы маалымдады.
Комитеттин биринчи жыйынында өнөр жайынын азыркы абалы, анын ичинде кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай тармагынын көйгөйлүү маселелери жана аны өнүктүрүүнү кароо пландалган. Талкуунун жыйынтыгында ишкерлерге конкреттүү колдоо көрсөтүү максатында тийиштүү сунуштамалар жана чаралар кабыл алынат.
Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин алдындагы өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет түзүү жөнүндө жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков былтыр декабрда кол койгон. Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө президенттин аппарат жетекчисине жүктөлгөн. Комитетке мамлекет башчы өзү төрагалык кылат, орун басары - биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. (КЕ)