Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

Бишкек мэриясы «Газпром» салган мектепти каржылоого даяр


Бишкектеги «Газпром Кыргызстан» курган мектеп.
Бишкектеги «Газпром Кыргызстан» курган мектеп.

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев «Азаттыкка» билдиргендей, «Газпром Кыргызстан» компаниясы курган мектеп азырынча муниципалдык менчикке өткөрүлө элек.

- Эгер өткөрүлүп берилсе, мектепти пайдаланууга кете турган каражат канча болсо да аны каржылоого милдеттүүбүз, - деди ал. - Ушул тапта Бишкек мэриясы шаардагы ар бир мектепти каржылоого 23 миллиондон 47 миллион сомго чейин жумшап жатат. Ошонун ичинде мугалимдердин айлыгына жана ремонт иштерине кеткен чыгымдар да бар.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары «Газпром Кыргызстан» компаниясы курган мектептин бир жылдык чыгымы 200 миллион сом болорун, аны Бишкек мэриясынын бюджети көтөрө албай турганын жазып чыгышкан. Бирок ал сумманын сметасы жарыялана элек. Буга чейин «Газпром Кыргызстан» биргелешкен ишканасы Ош жана Бишкек шаарларына эки мектеп салып бермей болгон.

Анын негизинде Бишкектеги мектеп салынып бүттү. Бул курулушка 20 миллион доллар сарпталганы айтылган. 960 орундуу мектептин курулушуна мэрия Түштүк магистралдын боюнан 3 жарым гектар жер бөлүп берген.

Баш калаада жалпысынан 97 муниципалдык мектеп бар. Шаардагы мектептерди, бала бакчаларды жана билим берүү башкармалыктарын каржылоого жыл сайын 2 миллиард сомдон ашык акча сарпталат. (YI)

XS
SM
MD
LG