Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

ВИЧке чалдыккан балдардын жакындары президентке кире албай жатышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунда ооруканада ВИЧке чалдыккан балдардын ата-энелери Бишкекте президенттин кабыл алуусун күтүп, аны менен жолугушууга кире албай жатканын, ачка отурушканын «Азаттыкка» билдиришти.

Маалыматка караганда, беш өкүл президенттин өзүнө кирип, маселесин айтыш үчүн сегиз күн мурда Оштон Бишкекке келишкен. Президенттин кабылдамасы аларды мамлекет башчы кабыл аларын билдирген, бирок бир нече күндөн бери ага киргизе элек.

Президенттик аппарат бул айтылгандарга комментарий бере элек.

Алар Ноокат районунун акими, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү менен жолугушуудан майнап чыкпай, маселе чечилбегендиктен баш калаага келгенин кошумчалашты. Жабыркагандар негизинен балдарга жетиштүү пенсия берүүнү, оорулуу балдарды караган ата-энелерге жөлөкпул чегерүүнү жана кенемте талап кылып келишет.

Кыргызстанда 2006-2007-жылдары 382 балага ооруканада жаткан кезде ВИЧ илдети жуккан. Ош, Жалал-Абад шаарларында, Сузак, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунда жашаган балдарга өкмөт ай сайын 4000 сомдон жөлөкпул берет.

Балдар 18 жашка чыккандан кийин алардын жөлөкпулу токтотулары айтылган. (YI)

XS
SM
MD
LG