Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун камактагы кызы Гүлнара Каримова азыркы президент Шавкат Мирзиёевге кайрылды. Кайрылууну кызы Иман «Инстаграмдагы» баракчасына жарыялады. Анда Каримова Мирзиёевден «гумандуулук кылуусун» өтүнгөн жана чет өлкөлөрдөгү банктарда сакталып турган 686 миллион доллар акчасынан баш тарта турганын билдирген.
«Азыр мени өзүмдүн ден соолугум тынчсыздандырат, мага тезинен эки операция жасалышы керек, ошондуктан мен президентке кайрылууга аргасызмын», деп жазылат кайрылууда.
Гүлнара Каримованын швейцариялык адвокаты Грегуар Манже «Твиттердеги» баракчасына анын саламаттыгы кескин начарлап кеткенин, медициналык жардам берилбей жатканын жазды.
Каримова азыр жаза мөөнөтүн Ташкент облусундагы №21 аялдар түрмөсүндө өтөп жатат. Бул жайга ал ушул жылдын март айында үй камагынан которулган.
46 жаштагы Гүлнара Каримова 2017-жылы Ташкент облустук сотунун өкүмү менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерек бул өкүм беш жылга кыскартылган. Ага «Алдамчылык», «Чет элдик валютаны жашыруу», «Бажы мыйзамдарын бузуу», «Кылмыштуу жол менен табылган кирешени мыйзамдаштыруу» сыяктуу беренелер менен айыптар коюлган.