Казакстандын Түркстан облусуна караштуу Арыс шаарында ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан ондогон адам жарадар болду. Чымкент шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Абылай Донбай алардын үчөө оор абалда экенин, реанимацияда жатканын «Азаттыктын»" казак кызматына билдирди.
Түркстан облусундагы жергиликтүү бийлик өзгөчө кырдаал жарыялады жана Арыстагы бардык жашоочуларды коопсуз жайга көчүрүш керек экенин, бул үчүн 15 эвакуациялык пункт ачылганын билдирди.
Жарылуунун себеби тууралуу азырынча маалымат бериле элек. Жергиликтүү тургундар шаардын ортосунда бир нече жолу ири жарылуу болгонун «Азаттыктын» казак кызматына билдиришти.
Арыс Чымкенттен 97 чакырым аралыкта жайгашкан. Шаарда 43 миң киши жашайт. Арыстагы полигондо буга чейин бир нече жолу жарылуу болгон.
2009-жылы Арыстагы кампада жардыргыч заттар жарылып, андан төрт киши каза тапкан, жыйырмадай адам ар түрдүү жараат алган.
2015-жылы да шаардагы полигондун аймагындагы жарылуудан бир киши өлгөн. Расмий маалыматтар боюнча, кырсык ок-дарылар менен өндүрүш калдыктарын жок кылуу маалында болгон.