Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:44

Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер Кыргызстанга келет


Жан-Клод Юнкер.
Жан-Клод Юнкер.

Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер ушул жылдын күз айларында Кыргызстанга сапар менен келет. Бул тууралуу Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, учурда бул сапарга камылга көрүлүүдө.

- Юнкер мырза бул сапарга даяр экенин билдирген, - деди ал. - Учурда сапардын так мөөнөтүн аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. Бул сапар Европа Биримдигинин Кыргызстанга карата кызыгуусунун бир ишараты болот деп ойлойм.

Буга чейин Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык боюнча жаңы келишим иштелип чыккан. Ага кийинки жылдын башында кол коюлары күтүлүүдө. Жаңы келишимде Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты учурдагы шартка ылайыкташтыруу камтылганы кабарланган. (BkA)

XS
SM
MD
LG