Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Прокурордун өлүмү боюнча соттогу жаңжалда жабыркагандар милицияга даттанды (видео)


Соттун жүрүшүнөн тартылган сүрөт. Ош шаары. 17-июнь, 2019-жыл.
Соттун жүрүшүнөн тартылган сүрөт. Ош шаары. 17-июнь, 2019-жыл.

Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө байланыштуу сотто чыккан жаңжалда шектүүнүн «токмок жедик» деген жакындары экинчи тарапка каршы милицияга арыз жазышты.

17-июндагы сот отурумунда жаңжал чыккан. Анда шектүүнүн жакындарынын бири Гүлсара Абдрашитова маркум прокурордун бир тууганы Өскөнбай Мамажакыпов өзүн урганын айтып, Ош шаардык милициясына кайрылган. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Абсаттар Табакалов «Азаттыкка» ырастады:

- Арыз боюнча иш бирдиктүү реестрге Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») боюнча катталды. Учурда арыз сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Экинчи тарап муну куру доомат катарып сыпаттап жатат. Маркумдун бир тууганы Өскөнбай Мамажакыпов аялды урбаганын айтып, жакындары сотту создуктурууга аракет кылып жатышат деген пикирин "Азаттыкка" билдирди.

Сот отурумундагы чыр
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:44 0:00

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча өтүп жаткан соттук териштирүү акыркы убакта тараптардын кайым айтышуусу менен башталып, аягында да чыр менен бүтүп жатат.

17-июнда болгон соңку жараянда соттук отурумда кайым айтышуудан башталган жаңжал мушташка айланып баратканда судья отурумду токтотууга аргасыз болгон. Кылмыш боюнча элүүдөн ашуун күбө бар. Алардын көпчүлүгү буга чейин көрсөтмө беришкен. Негизги күбөлөр катары окуя болгон күнү маркум менен кошо аңчылыкка чыккан мурдагы прокуратура кызматкерлери көрсөтмө беришүүдө. Кийинки жараян 1-июлда уланат.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 2018-жылы 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында. (MdN)

XS
SM
MD
LG