Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

АКШ элчилиги Бишкектеги жол кырсыгы боюнча түшүндүрмө берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилиги Бишкектеги жол кырсыгы тууралуу «Азаттыкка» маалымат берди. Анда «АКШ элчилиги 18-июнда элчиликтин кызматкери катышкан жол кырсыгынын натыйжасында жабыркаган жигитке тынчсыздануу билдирет. Жол кырсыгынан кийин элчиликтин кызматкери автоунаасын жолдун четине токтотуп, дароо эле күч органдары менен кызматташкан» деп айтылат.

Ошондой эле элчилик жабыркаган адам менен байланышта экени, ага жардам берилери, жол кырсыгы боюнча маселени чечиш үчүн Кыргызстандын бийлиги менен тыгыз иштеп жатканы кабарланды. Элчилик кызматкеринин аты-жөнү айтылган жок. Анын окуя болгон жерден качып кеткени тууралуу маалымат четке кагылды.

Ал эми Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери катышкан жол кырсыгы боюнча материалдар шаардык милициянын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилгенин кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя 18-июнда саат 17:30 чамасында болгон. Элчиликтин 51 жаштагы кызматкери «Лексус RX350» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Чыңгыз Айтматов атындагы көчөдө түндүк тарапта көздөй баратып, «Манас» кинотеатрынын жанындагы жөө жүргүнчүлөр тилкесинен өтүп бараткан кишини сүзүп кеткен. Жабыркаган адам 22 жаштагы студент болуп чыккан. Ал жаракат алып ооруканага кайрылган.

Буга чейин Интернеттеги социалдык түйүндөрдө 18-июнда АКШ элчилигинин кызматкери машинеси менен студентти сүзүп, качып кеткени тууралуу маалымат тараган. (NT)

XS
SM
MD
LG