Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:34

Казакстан: Арыстагы жарылуу боюнча кылмыш иши козголду


Жарылууда 20дан ашык адам жабыркады.
Жарылууда 20дан ашык адам жабыркады.

Казакстанда Ички иштер министрлигинин аскердик тергөө бөлүмү Түркстан облусунун Арыс шаарында 24-июндагы ок-дары сакталган кампадагы жарылуу боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Чымкент шаарындагы №1 ооруканага ар кандай жараат алган 25 адам жеткирилди. Үч адамдын абалы оор. Түркстан облусундагы жергиликтүү бийлик өзгөчө кырдаал жарыялады.

Полиция жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Жарылуунун себеби тууралуу азырынча маалымат бериле элек. Жергиликтүү тургундар шаардын ортосунда бир нече жолу ири жарылуу болгонун «Азаттыктын» казак кызматына билдиришти.

Арыс Чымкенттен 97 чакырым аралыкта жайгашкан. Шаарда 43 миң киши жашайт. Арыстагы полигондо буга чейин бир нече жолу жарылуу болгон.

2009-жылы Арыстагы кампада жардыргыч заттар жарылып, андан төрт киши каза тапкан, жыйырмадай адам ар түрдүү жараат алган.

XS
SM
MD
LG