Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:20

Президент Токаев Арыска учуп кетти, бир адам каза тапты


24-июнда Арыс шаарында ок-дары сакталган кампада жарылуу болду.
24-июнда Арыс шаарында ок-дары сакталган кампада жарылуу болду.

Арыс шаарындагы жарылуудан бир киши каза тапканын Түркстан облусунун акими Өмүрзак Шокеев билдирди. Анын айтымында, каза тапкан адамдын автоунаасына снаряд түшкөн.

Президент Касым-Жомарт Токаев Арыс шаарындагы ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан кийинки абалдан жеринен кабар алыш үчүн Түркстан облусуна учуп кетти. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Берик Уали «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Ага ылайык, президентти вице-премьер-министр Женис Касымбек баштаган өкмөт өкүлдөрү коштоп жүрөт.

Мунун алдында Токаев коргоо министрине, ички иштер министрине жана Түркстан облусунун башчысына жарылуунун кесепетин жоюш үчүн чукул чара көрүүнү, тургундардын коопсуздугун камсыз кылууну жана жарылуунун себептерин тактоону тапшырган.

XS
SM
MD
LG