Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:09

Балдардын укуктары боюнча улуттук форум өтөт

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынышынын 30 жылдыгына байланыштуу улуттук форум өтөт. Ага мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков катыша турганын президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18 жашка чейинки 2 миллион 300дөн ашуун бала жашайт. Алардын 51 пайызы эркек. Балдардын 69 пайызы элетте.

Өлкөдө жакырчылык менен жумушсуздуктан улам мектепке барбай жаткан балдардын укуктары бузулуп жатканы айтылып келет.

Учурда Кыргызстандагы интернаттарда 11 миң 422 бала тарбияланат, булардын 5% томолой, калганы тирүүлөй жетим. ЮНИСЕФтин иликтөөсүнө ылайык, тирүүлөй жетимдердин көбөйүшүнө турмуш-шарттын оордугу себеп болууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG