Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Бишкекте «Мигрант үнү» аттуу акция өтөт


Москвадагы мигранттар. Архивдик сүрөт.

Бүгүн Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта «Мигрант үнү» аттуу акция өтөт. Анын максаты - чет жакта иштеп жүргөндөрдүн көйгөйүн бийликке жеткирүү.

«Замандаш» партиясынын басма сөз катчысы Эрлан Бекчоро уулунун «Азаттыкка» айтканы боюнча, Кыргызстанга Орусияда иштеп жүргөн мекендештер башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарды айтып бериш үчүн келген.

- «Жүк-200» боюнча 40 миң кол топтоо болгон, - деди ал. - Акция учурунда ошол депутаттарга өткөрүлүп берилет. Муну мыйзамдаштырып берүүнү өтүнүп жатышат. Азыр социалдык тармактар аркылуу гана акча чогултуп, сөөктү мекенине жиберип жатышат. Мамлекет бөлгөн 50 миң сом дарылатып чыгаргандан башкага эч нерсеге жетпейт. Пенсиялык фонд, социалдык укук боюнча көйгөйлөр көтөрүлөт.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча учурда Кыргызстандагы калктын саны 6 млн. 400 миңдин тегерегинде. Ал эми Мамлекеттик миграция кызматы чет өлкөдө 710 миңдей кыргызстандык миграцияда жүргөнүн кабарлап келет.

Эгемендик жылдарында жарым миллиондон ашуун кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алганы расмий айтылып келет. Былтыр орус паспортун 9 миңдей кыргызстандык алган. Мындан тышкары 20 миңден ашуун кыргызстандык Орусияда убактылуу жашоо уруксат кагазы менен, дагы 20 миңге жакыны туруктуу жашоого уруксаты менен жүрөт.

Кыргызстандагы 277 миң баланын атасы же энеси өлкө сыртында иштеп жүргөнүн ЮНИСЕФ аныктаганын анын өкүлү Мунир Мамадзаде «Азаттыктагы» маегинде билдирген. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG