Казак бийлиги Түркстан облусундагы Арыс шаарында ок-дары сакталган кампадагы жарылууда жарадар болгон дагы бир адам каза болгонун билдирди. Премьер-министр Аскар Мамин жөнөкөй тургун менен бир аскер өлгөнүн кабарлады.
Жарылуу болгон күнү бир адам каза болгону, анын автоунаасына снаряд тийгени айтылган.
Ушул тушта 20дан ашык адам Чымкент шаарындагы ооруканада жатат, алардын бешөө балдар экени кабарланды. Үч адамдын абалы оор.
Кырсык болгон аймакка президент Каасым-Жомарт Токаев барган.
Жергиликтүү бийлик чукул кырдаал жарыялаган. Жарылуу токтобогондуктан шаарда калуу кооптуу экенин эскерткен.
Арыс Чымкенттен 97 чакырым аралыкта жайгашкан. Шаарда 43 миң киши жашайт. Арыстагы полигондо буга чейин бир нече жолу жарылуу болуп, адамдардын өмүрү кыйылган.