Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:37

Грузияда Орусияга каршы акциялар токтой элек


Тбилисидеги нааразылык акциялар беш күндөн бери токтой элек.
Тбилисидеги нааразылык акциялар беш күндөн бери токтой элек.

Грузиянын баш калаасындагы нааразылык бешинчи күн катары менен уланды. 24-июндун кечинде жүздөгөн митингчилер парламент имаратынын алдына чогулуп, Тбилисинин башкы көчөлөрүнүн бирин - Руставели проспектисин - тороп алышты.

Ал күнү грузин парламентиндеги «Грузин кыялы» партиясы жетектеген коалиция демонстранттардын талабына көнүп, 2020-жылдагы шайлоону пропорционалык система менен өткөрүүгө, шайлоо босогосун алып салууга макул болду.

Мындай нааразылыкка орусиялык депутат, коммунист Сергей Гавриловдун өткөн аптада Тбилисидеги сапары учурунда парламент спикеринин ордуна отурганы себеп болгон. Гаврилов Грузияга Православ парламент аралык ассамблеясына төрагалык кылыш үчүн барган.

Муну Грузияны сыйлабастык катары баалаган демонстранттар Москванын саясатын кескин айыптап, грузин бийлигинен шайлоо системасын өзгөртүүнү талап кылууга өтүшкөн. Нааразылыктын биринчи күнүнөн кийин грузин парламентинин төрагасы Ираклий Кобахидзе кызматтан кеткен.

Бирок митингчилер кеңири талаптары аткарылмайынча каршылык акциясы улана берерин билдиришүүдө. Алар ички иштер министринин кызматтан кетишин жана 20-июнда демонстранттарга күч колдонгон полиция кызматкерлерин жоопко тартууну да талап кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG