Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Арыстагы жарылууда жарадар болгон 15 адам реанимацияда жатат


Арыстагы жарылууда ондогон адам жаракат алды.
Арыстагы жарылууда ондогон адам жаракат алды.

Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов Арыстагы ок-дары сакталган кампадагы жарылууда жаракат алган 15 адам Чымкент облустук оорукананын реанимация бөлүмүндө жатканын билдирди. Алардын экөө балдар экенин, тогуз адамдын абалы оор болгонун айтты.

Биртановдун маалыматына караганда, жалпысынан дарыгерлерге 160тан ашык адам кайрылган, алардын 76сы ооруканага жаткырылган.

Жарылууда жарадар болгон эки жаран каза болгону, бири жай тургун экени, анын автоунаасына снаряд тийгени, экинчиси аскер адамы экени маалым болгон.

Ички иштер министри Ерлан Тургумбаевдин айтымында, шаардагы 43 миң адамдын 42 миңи коопсуз жайга көчүрүлдү.

Ок-дары сакталган кампадагы жарылуунун себепби азыркыга чейин белгисиз.

XS
SM
MD
LG